Кирпигиме осмо коём деп көзүмдөн айрылып кала жаздадым. Косметолог жооп берет
Мага кеңеш берип коюңузчу, сураныч. Осмонун майы кирпикти өстүрөт деп интернеттен окудум эле. Сатып алып кирпигиме койдум. Көзүмөн айрылып кала жаздадым. Ушунчалык ооруп, ачыштырды. Суу менен жууп жатып араң өзүмө келдим. Мен туура эмес колдондумбу?
Асель Алымбаева
Косметолог
Сиз көзүңүздүн былжырын күйгүзүп алдыңыз. Үч күн атайын көз үчүн мазды алып түнкүсүн майлап туруңуз. Тетрациклин мазын алсаңыз болот. Бирок, ал мазь көз үчүн жана тери үчүн деп бөлүнөт. Ошонусуна көңүл буруңуз. Көз тез эле калыбына келет. Эгер үч күн өткөндөн кийин деле тынчыңызды алса, демек, окулистке кайрылуу керек.
Осмо майы осмо чөбүнөн жасалат. Ал Орто Азия чөлкөмүндө гана өсөт жана каш менен кирпикти өстүрүү үчүн колдонушат. Осмону этияттык менен колдонуу керек. Көз өзүнөн-өзү эле өтө сезимтал орган. Ошондуктан, осмону түнкүсүн жатаарда койгон оң.
Кирпикке осмо коем десеңиз эски туштун кистисин жакшылап жууп, кургатып алып кирпигиңизге сүйкөсөңуз ыңгайлуу. Сөзсүз жатаарда койгула. Ал эми кашка күндүз коюп алып деле жүрсө болот.
Осмону бардыгы эле колдоно албайт. Айрым адамдардын аллергиясы болушу мүмкүн. Аны текшерүү үчүн алдын ала билегиңизге осмону тамызып көрүңүз. 10-15 мүнөттөн кийин жууп салыңыз. Эгер эч кандай реакция болбосо, этиңиз кычышып же кызарбаса, анда колдоно берсеңиз болот.