Биометрикалык паспортумду жоготуп алдым. Канча штраф төлөшүм керек?
2019.04.02, 10:24
1551
Саламатсызбы. Биометрикалык паспортумду жоготуп алдым. Кантип кайра калыбына келтирсем болот? Канча штраф төлөшүм керек? Кайсы документтерди даярдайм?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2019, 11:21
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын прес-катчысы
Биометрикалык паспортту жоготуп алсаңыз, сиз катталган жердеги паспорт столуна барып арыз жазыңыз. Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктоочу документ болсун. Эч кандай айып пул төгүлбөйт. Болгону мамлекетке төлөнүүчү салык – 260 сом төлөйсүз. Паспортту 12 күндүн ичинде колуңузга аласыз.
0
Пайдалуу жооп