// //

Апам "сени жаман көрөм" деп сабайт. Юрист жооп берет

2019.04.02, 10:12
1005

Мени апам "сени жаман көрөм" деп, бир нерсени туура эмес кылсам эле катуу сабап, токмоктой берет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2019, 10:13

Асель Рысбаева

Адвокат

Урматтуу окурман! 

Ата-эне укугун жүзөгө ашырып жатып балдардын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарды тарбиялоодо кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укутарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.

Эгерде, ата-эне же жакын туугандардын кимдир бирөөсү уруп-сабаса, же кандайдыр бир зомбулук көрсөтсө, аймактык социалдык кызматтарга билдирүү керек. Мындай учурларда кошуна-туугандар да кайдыгер болбой, тийиштүү органдарга кайрылуусу зарыл.

Бишкек шаарында Зомбулуктан жабыр тарткан балдарды коргоо борбору иштейт. Телефону: 0312 45 06 34. Ошондой эле,  111 “Балдар үчүн ишеним телефонуна" чалса болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт