Апам "сени жаман көрөм" деп сабайт. Юрист жооп берет
Мени апам "сени жаман көрөм" деп, бир нерсени туура эмес кылсам эле катуу сабап, токмоктой берет. Эмне кылсам болот?
Асель Рысбаева
Адвокат
Урматтуу окурман!
Ата-эне укугун жүзөгө ашырып жатып балдардын тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине залал келтирүүгө укугу жок. Балдарды тарбиялоодо кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды эзүү усулу болбоого тийиш.
Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарына залал келтирип, ата-энелик укутарын жүзөгө ашырган ата-эне мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
Эгерде, ата-эне же жакын туугандардын кимдир бирөөсү уруп-сабаса, же кандайдыр бир зомбулук көрсөтсө, аймактык социалдык кызматтарга билдирүү керек. Мындай учурларда кошуна-туугандар да кайдыгер болбой, тийиштүү органдарга кайрылуусу зарыл.
Бишкек шаарында Зомбулуктан жабыр тарткан балдарды коргоо борбору иштейт. Телефону: 0312 45 06 34. Ошондой эле, 111 “Балдар үчүн ишеним телефонуна" чалса болот.