Варикоцеле болуп операция жасаткам, эми ошо жерим кайра шишип жатат
Саламатсызбы. Менин эркектик мүчөм варикоцеле болуп, операция жасаткам. Андан бери бир жыл өттү. Эми ошо жерим кайра шишип жатат. Эмне кылышым керек?
"Medcenter.kg" медициналык борборунун уролог-дарыгери
Шишик пайда болгон жерди, калтаны УЗИге тарттыруу керек. Эмне себептен шишиктин пайда болгонун көрбөй туруп айтып бере албайм. Себеби, сизге бере турган бир катар суроолорум бар. Шишиктин өзү кандай? Көлөмү канчалык? Операциянын кайсынысы жасалды? Себеби, варикоцелеге эки түрү жасалат. Биринчиси, Иванисевичтин ыкмасы менен, экинчиси Мармара ыкмасы менен. Ошондуктан кечиктирбей, бизге келип көрүнүңүз.
Варикоцеле бул жумуртканын ичиндеги кан тамырлардын кеңейиши. Оң тараптагы жумуртка 15%, сол жактагысы 85% кеңейет. Себеби, сол тараптагы жумурканын кан тамырлары бөйрөккө кирип, андан кийин чоң кан тамырга түшөт. Ал эми оң жактагы жумурткадан дароо кан тамырга кошулат.
Бул оору 15 жаштан 25 жашка чейинки жигиттерде, көбүнчө арыктарда кездешет. Варикоцеле оорусунан операция жолу менен гана арылууга мүмкүн.