// //

Май куючудан кантип банкирге айландым. Бек Келдибековдун ийгилик сыры

2019.04.01, 15:10
2084

Бек окуусун аяктагандан кийин өзү каалаган тармагында жумуш таба албай, эки жыл май куючу станцияда эмгектенген. Социалдык тармактан “Банкирдин мектеби” тууралуу маалыматты көрүп калып, жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн.

Кыялымдагы жумушка жетүү үчүн тобокелдикке бардым

“Каржы жана насыя” тармагында жогорку билим алгам. Окуумду бүткөндөн кийин жумуш таба албай, эки жыл “Газпром” май куючу станциясында башкы оператор болуп иштедим.

Бир күнү социалдык тармактан “Банкирдин мектеби” жөнүндө маалыматты көрүп калдым. “Окутуу акысыз, эгер ийгиликтүү аяктасаң, “Бай Түшүм” Банкына жумушка кабыл алабыз!” деп жазылуу экен. Дароо резюмемди жибердим. Андан кийин сынак менен маектешүү болду.

Окуу Бишкекте болгондуктан, “Газпромдогу” жумушумду таштап, шаарга жөнөдүм. Колумда эч кандай кепилдик жок болчу. Тобокелдикке бардым десем болот. Соңунда баары оңунан чыкты.

Окуумду ийгиликтүү аяктап, Сузакка жумушка дайындалдым. Абдан сүйүндүм. Коллектив жылуу кабыл алды, бат эле тил табышып кеттим. Насыя бөлүмүндө иштегениме 6 ай болуп калды, алдыда дагы чоң пландарым бар.

Жаштарга айтаарым, ар бир тармакта иштеп, өзүңөрдү сынап көргүлө. Ошондо гана билинбеген өнөрүңөр ачылып, жаккан жумушуңарды табасыңар. Эсиңерде болсун, өз кесибин сүйгөн, талыкпай эмгектенген адам гана ийгиликке жетет.  

Кыялымды орундатууга өбөлгө болгон жакын досум - "Бай Түшүм" Банкына терең ыраазычылыгымды билдирем!

Достор, эгерде экономикалык билимиңер бар болсо, банкта иштөөнү кыялдансаңар, резюмеңерди бул дарекке  baitushum@baitushum.kg жиберсеңер болот. Бош орундар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн шилтемени басыңыз.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт