// //

Намаз окуп, бирок ойноштук кылса эмне болот?

2019.04.01, 13:49
3076

Калтырбай намаз окуп, мечитке барган, бирок зынаадан баш тартпаган адамдын кыяматтагы абалы кандай болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2019, 13:49

Кадыр Маликов

Теолог

Бул жөнүндө атайын хадис бар: Пайгамбарыбыздан “Намаз окуп, бирок ойноштук кылса эмне болот?” – деп сурашканда, ал “Анын намазы, намаз болуп саналбайт!”- деп айткан.

Намаздын кудайга сыйынуудан башка дагы бир максаты - адамды жаман иш-аракеттен кармап туруу. Демек, адам намаз окуп, бирок күнөө кетире берсе, анда намаз ага таасир берип, максатына жете алган жок. Ал намазга жеңил ойлуулук менен мамиле кылып жатат, кудай алдында кылгандары үчүн жооп берет.

Исламда адам күнөө кетирсе тобо кылып, экинчи ирет аны кайталбаганга аракет кылат. Эгерде адам намаз окуп, бирок күнөө кетире берсе, андан чоң сурак алынат.

Жакшысы мындай адам чын жүрөгүнөн өкүнүп, экинчи кайталабай тургандыгын айтышы керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт