Поликлиниканын эмделбеген баланы каттоого албай койгонго укугу барбы?
2019.04.01, 13:40
1050
Төрөгөнүмө бир жума болду. Төрөт канадан эмдөөдөн баш тарткам. Үйгө келген педиатр "эмделбеген баланы каттоого албайбыз" дейт. Менин эмдөөдөн баш тартканга укугум бар. Поликлиниканын бизди каттоого албай койгонго укугу барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.04.2019, 13:46
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, баланы эмдетпей коюуга укугуңуз бар. Ал эми поликлиника кызматкерлери ымыркайды каттоого алып, аны текшерүүдөн өткөрүп турууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын бардык жарандары медициналык кызматты колдонууга укуктуу. Демек, бул укуктан эч ким сизди чектеп коё албайт. Бул сиздин жана сиздин балаңыздын конституциялык укгуңуз болуп саналат.
Кандайдыр бир маселе жаралса поликлиниканын жетекчилигине кайрылыңыз. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп