Коркокмун, тиш доктурга барсам эле эсимди жоготуп коем
Саламатсызбы. Менин бир көйгөйүм бар. Билбейм, өтө коркокмунбу, же жүрөгүм ооруйбу. Кыскасы, тишимди дарытлатканы барсам эле коркконуман эсимди жоготум салам. Жакында жүрөгүм ооруганынан реанимацияда бир сутка жаттым. Эми тиштерим ооруп жатат. Оңдотойун дейм, бирок корком. Эмне кылышым керек?
Азамат Акылбеков
Пульмонолог
Сиздин сурооңуз толук жазылса көбүрөөк маалымат бере алмакмын. Жашыңыз канчада? Канча жолу эсиңизди жоготтуңуз? Мурда кандай оорулар менен ооругансыз?
Эсин жоготуунун бир нече себептери болушу мүмкүн. Сиз биринчи кардиологго кайрылыңыз. Жүрөгүңүздү ЭКГ, ЭХОго тартуу зарыл. Андан кийин невропатологго да көрүнүшүңүз керек. Анемия, кан басымдын төмөндүгү да себеп болот. Балким, сизде психологиялык себептер бар. Андай болсо психологго көрүнүү керек.
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Тишиңизди дарылоо үчүн стоматологго кардиологдун корутундусу менен келгениңиз оң. Эгер жүрөгүңүз таза болсо, корккондон эле эсиңизди жоготуп жатсаңыз, сиздин тишиңизди наркоздун жардамы менен дарылоого мүмкүн.