Мугалимдин 10-11 класска окутпай койгонго укугу барбы? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Менин суроомо адистерден жооп алып берип коёсузбу. Мугалимдерибиз "10-11-класста окутканга милдеттүү эмесбиз, силерди кетиргенге укугубуз бар",- деп айтышат.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! Мугалимдин окуучуну 10-11-класска киргизбей койгонго укугу жок. Окуя кайсы мектепте болгонун айтып, 0312 62 35 91 номерине чалсаңар, minedukg@gmail.com электрондук дарегине жазсаңар же бизге келсеңер бул маселени териштирип, мыйзам бузуулар аныкталса атайын чара көрөбүз.
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, 10-класста окуу бул сиздин укугуңуз, бул укугуңузду ишке ашыруу мугалимдин милдети.
Бир аз мыйзамдарга токтоло кетсем.
КРнын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 16-беренесинде:
Мектептик билим берүү-билим берүү тутумунун негизги звеносу болуп саналат жана 3 баскычты камтыйт:
- жалпы башталгыч - 1-4-класстарды;
- жалпы негизги - 5-9-класстарды;
- орто жалпы - 10-11-класстарды деп жазылган.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгерде сиз 10-класста окуп жатсаңыз, сизди мугалим окуутууга милдеттүү, анткени жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бар жана
КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы
№403 токтому менен КРнын жалпы мектептик билиминин мамлекеттик билим берүү стандарты бекитилген. Бул стандартта 10-класс окуучусунун билим алуу принциптери жана негиздери көрсөтүлгөн.
Мугалимиңиз жогорудагы стандарттан жана мыйзамдан кабары болсо, антип айтмак эмес.