Жашоом кызыксыз, күндөрүм коёндой окшош. Психолог кеңеш берет
Саламатсызбы, биздин үй-бүлө көп кыйынчылыктарды тартып келет. Ойлоно берип, тажадым. Жашоом кызыксыз, эч нерсе кылгым келбейт. Өзүм швеяда иштейм, күндөрүм коёндой окшош. Эмне кылышым керек?
Кутман күн урматтуу окурман. Тилекке каршы жашоо бир гана жыргалчылыктан турбайт. Ар бир адамдын үй-бүлөсүндө кыйынчылыктар жетиштүү.
Ошол кыйынчылыктарды жеңүү, жыргалчылыкка жол ачат. Сиз бүтүндөй жашооңузду үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарга эле арнап, басым кылсаңыз, өмүрүңүз ошону менен өтүп кетет, туңгуюкка айланат. Бакыт - бул бир күнү эле башка коно турган куш эмес. Бакыт майда-барат нерседе, күнүмдүк жашоодо. Тегерегиңизди байкаңыз. Жагымдуу аба-ырайына, ачык түстөргө, күндүн тийип турушуна көңүл бөлүңүз, байкаганды үйрөнүңүз. Шаңдуу музыка угуңуз, бийлеңиз.
Ден соолугуңуз бар экен, иштеген ишиңиз бар экен. Балким, сиз күндө иштей берип, эс алууга маани бербей жүргөндүрсүз? Курбу, досторуңуз менен жолугушуңуз, бирге сейилдеп, позитивдүү нерселерди ойлонгула, сүйлөшкүлө.
Өзүңүздүн ички ресурстарыңызды колдонуңуз. Күчтүү, шайыр жана ачык болуңуз. Жашооңузга жылмайсаңыз, ал сизге жооп кайтарат. Бул абалдан чыгуу сиздин гана колуңузда!