"Сүйүү катымды" эл алдында окуп маскаралады
Мен 12 жаштамын. Жогорку класста окуган бир баланы жактырып калып, ага сүйүү катын жазып жибергем. Бирок ал бала унчукпай койбостон, мектептен катымды угуза окуп, көпчүлүк алдында мени уят кылды. Көпкө чейин кабатырланып, акырында кайгымды апам менен бөлүшүүнү чечтим. Бирок апам мени колдобостон, кайра шылдыңдап күлүп, күнөөлөдү. Менин жашагым келбей калды. Бул абалдан кантип чыксам болот?
Тамара Воронцова, психолог
Кымбаттуум, сиз Джульеттанын курагына жакындаган 12 жашта экенсиз. Сүйүү-бул эң сонун сезим. Бирок ошентсе дагы сезим менен мамиленин маданиятын билүү зарыл. Ката кетирип алып, өкүнбөш үчүн мектептен сабактарды окугандай, мамилелердин психологиясын окуп үйрөнүңүз. Китептерди көп окуңуз. Себеби ал жакта жашоодон кезиктирүүчү абалдар, алардан чыгуу жолдору бар. Кандай болгон күндө дагы курбуларыңыз менен эмес, апаңыз менен кеңешиңиз. Ал сизди жакшы билген адам.
Жигит биринчи сезимдерин билдиргенден кийин, дароо эмес, бир нече убакыт өткөн соң ага болгон сезимдериңизди айтуу керек экенин билиңиз. Жашооңузда кыздык намыс, кадыр-барк жана өзүн-өзү сыйлоо түшүнүктөрү негизги орунда болсо, сизге жигиттер сезимдерин биринчи арнашат. Башыңыздан өткөн окуяны сабак катары кабыл алыңыз. Баары жайында болот. Мен сизге бакыт каалайм!