Артынан кошулганда бойго бүтпөйбү? Проктолог жооп берет
Сураныч жооп берип коюңузчу? Артынан кошулганда бойго бүтпөйбү?
Бекболот Бегалиев
Проктолог
Саламатсызбы урматтуу окурман. Артынан кошулганда боюна бүтпөйт дегенге кепилдик жок. Себеби, уруктук 2-3 күнгө чейин активдүү болот. Аял кишинин терисинде же ич кийиминде калып калса деле бойго бүтүп калуу коркунучу бар.
Ошондой эле аналдык секстин кесепеттери өтө оор жана кейиштүү. Адамдын көчүгүнүн табигый функциясы башка, ал жактан жел чыгыш керек, заң чыгыш керек. Ал эми жыныстык катнаш үчүн табият башка органды жараткан. Анус ийкемдүү эмес, жана катнаш учурунда жатынга окшоп суюктук бөлүп чыгарбайт. Ошондуктан, алгач эле айымдар үчүн бул жагымсыз, жана аябай катуу ооруксунууну пайда кылат. Түз ичегинин ички структурасы заң массаларын сыртка гана чыгарууга ылайыкталган. Тескери процесстердин орун алышы түрдүү ооруларга себепкер болот.
Алгачкысы эле:
- кан агуу (кровотечение);
- анустагы жаракалар;
- криптит;
- параколит;
- геморрой;
- түз ичегинин түшүшү;
- түз ичегинин рагы.
Өтүшүп кеткен учурда көчүктүн булчуңдары ийкемдүүлүгүн жоготуп адам желди жана заңды кармай албай калат.