Бир окуя болуп жатса, мурда бул нерсени түшүмдө көргөндөй болом
Мен бир нерсени сурайын дедим эле. Акыркы күндөрү бир окуя болуп жатса, мурда бул нерсени түшүмдө көргөндөй, же кайталанып жаткандай боло берем. Мээм бир нерсе болуп жаткан окшойт. Бул эмнеси түшүндүрүп бериңизчи?
Татьяна Коновалова
Психолог
Сиз айтып жаткан көрүнүш “дежавю”, француз тилинен которгондо déjà-vu – “мурда көргөм” деп которулат. Мисалы, досторуң менен кафеде отурасың, бир кезде сен бул көрүнүштү майда чүйдөсүнө чейин эстеп, азыр ким эмне деп сүйлөй турганын да алдын ала билесиң. Бул укмуштуудай сезимди таң калуу, кызыгуу жана коркуу коштоп турат. Бирок, тынчсызданбай эле коюңуз. Дежавю эффектиси ашып кетсе 10 секундга чейин созулат, жана мындай сезим адамдардын 97%нын башынан өткөн.
Зигмунд Фрейддин теориясына ылайык, дежавю биздин аң сезимибиз эс тутумубуздагы эскерүүлөрдү ички туюмубузга сүрүп чыгаргандыктан улам пайда болот.
Дажавю негизинен аябай катуу чарчап калганда же стресс учурунда болушу мүмкүн. Эгер улам-улам кайталанып, сизге ыңгайсыздык жаратса, неврологго кайрылыңыз.