Кызым кан сийип жатат. Педиатр жооп берет
Саламатсызбы! 2 жаш, 9 айлык кызым кан сийгенинен улам Жал кичи районундагы балдар ооруканасына алып барсак, "Острый стрептококковый гломерулонефрит" деп диагноз койду. Бул оору айыгабы жана кийин төрөгөнгө залакасы тийбейби?
Анара Базаркулова
Педиатр
Урматтуу айым, гломерулонефрит - бул өтө олуттуу диагноз, инфекциядан улам пайда болот. Бул дарт менен ооруган бейтап дарыгердин көзөмөлүндө 5 жыл каттоодо турат.
Кызыңыздын гигиенасына катуу көңүл буруңуз! Врачтын айткандарын убагында так аткарсаңыз, балаңыз сакайып кетет.
Төрөгөнгө зыяны тийбейби деп сурап жатасыз, кызыңыз чоңойгуча дагы башка себептер пайда болушу мүмкүн. Андыктан ден соолугуна жакшылап кам көрүңүз, өзүнө да үйрөтүңүз. Биринчи орунда тазалык экенин унутпаңыз.