Курсагымдагы бала туурасынан жатат экен, өзүм төрөй аламбы?
Саламатсызбы, боюмда бар, 36 жума болуп калды. УЗИге түшсөм күмөн туурасынан жатат (поперечное положение плода) деп айтты. Эмне себептен андай болуп калды? 5 ай болгондо оорудум эле, ошондон эмеспи? Төрөткө чейин оңолуп кетиши мүмкүнбү? Өзүм төрөй аламбы?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Ичтеги баланын туурасынан жатып калышынын себептери көп: жатындын миома болушу, жатындын ээр сыяктуу формасы, жатындын тонусу жогору болушу, тондогу суунун көп же аз (многоводие, маловодие) болушу, баланын гипотрофиясы ж.б.
36 жумада баланын жайгашышы өзгөрбөйт. Мындай жайгашуу эне үчүн да бала үчүн да кооптуу жана кадимкидей төрөт мүмкүн эмес. Себеби, көп кан кетип, баланын мүчөлөрүнө доо кетери анык. Доктурлар аны аман алып калуу пайызы өтө төмөн.
Ошондуктан, кесарево жолу менен эле көз жарган туура. Бардыгы жайында болот, сары-санаа болбоңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!