// //

Канча жаштан баштап депиляция кылса болот?

2019.03.28, 10:32
1469

Саламатсызбы. Кыздар канча жаштан баштап депиляция кылса болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.03.2019, 10:34

Бегимай Замирбек кызы

Шугаринг адиси

Негизи, депиляция жасатуу үчүн жаш курагына жараша чектөө жок. Бирок, биз 18 жаштан өтүп калган кардарларды гана кабыл алабыз. Себеби, ата-энеси менен уруш-талаштын болушун каалабайбыз.

Үй-шартында деле өз алдынча жасаса болот. Көнгүчө этиңерди оорутуп, көгөртүп алышыңар мүмкүн. Андайдын болушун каалабасаңыз адиске кайрылганыңыз оң.

Шугаринг же лазердик депиляция кылуунун бир катар артыкчылыктары бар. Бритва менен кырганда, териңерде сезгенүү пайда болот, жана улам кийинки чыккан кылдар катуу болуп өсөт. Ал эми шугаринг кылганда, кылдар түбү менен кошо жулунат. Бул процедураны бир нече ирет кайталаганда кийинкилери ичке болуп, бара-бара азайят.

Депиляцияны төмөнкү учурларда жасоого болбойт:

  • тери орулары болсо (псориаз, экзема ж.б.);
  • ачык жаракаты бар болсо;
  • акне;
  • буттун кан тамырлары кеңейип кеткенде (варикоз).
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт