// //

Сепкилден арылса болобу?

2018.01.25, 15:13
6005

Косметологдон кеңеш

Беттеги сепкилдерди кантип кетирсе болот?

Сепкил-укумдан-тукумга берилген генетикалык түзүлүш болгондуктан, андан толугу менен арылууга бир дагы косметолог кепилдик бере албайт. Өтө билинбей турган кылып коюуга пилинг, агартуучу мезотерапия жана лазер жардамга келет. Үй шартында агартуучу бет майларды, тониктерди, курамында жемиш кислоталары бар жуунучу гелдерди жана витамин С ны колдонсоңуз болот. Сепкилдердин саны жазында жана жайында күн нурунун таасиринен улам бат көбөйөт. Бул нерсени алдын алуу үчүн, жыл бою сырттагы аба ырайына карабастан SPF факторлуу күндөн коргоочу бет майларды колдонуу керек.

Өспүрүм кыздарга тоналдык бет май колдонсо болобу? Алардын зыяны жана пайдасы.

Бетиңизде эстетикалык көйгөйлөр жок болсо, колдонбой эле койгонуңуз жакшы. Эгерде жашыргыңыз келген нерселер бар болсо анда жеңил минералдык курамдагы убаланма упадан баштасаңыз болот. Туура эмес тандалган тоналдык бет майлар териге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Алсак, курамында стеариндик кислота бар тоналдык бет май кургак терилер үчүн пайдалуу. Эгерде муну көйгөйлүү болгон майлуу териге сүйкөсө безеткилер чыгып кетет. Ошондой эле майлуу терилер үчүн тоналдык бет майларды кургак териге сүйкөөгө болбойт. Жаш кыздарга күн сайын өтө калың тоналдык бет майларды колдонууга уруксат бербейт элем. Себеби алар камедогендер. Мындай бет майларды визажисттер маанилүү иш-чараларда гана колдонушат. Эң негизгиси тоналдык бет май жана упа колдонгондон кийин, кечкисин сөзсүз түрдө тазалап, жууп коюу керек.

Беттеги кызыл тактар эмнеден пайда болот?

Эгерде бул акнеден кийин жаралган сезгенүү болсо, анда үй шартында маскалар менен, салондон атайын пилингдин жардамы менен арылууга болот.

Эгерде бетиңизде кан тамырлуу жылдыз сымал кызыл тактар пайда болсо, ал-купероз.

Куперозду алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  • Терини буулабоо
  • Суук мезгилде сыртка чыгып жатканда, атайын коргоочу бет майларды сүйкөө
  • Өтө ачуу жана туздуу азыктарды жебөө
  • Бетти муз менен сүртпөө
  • Жыл бою күндөн коргоочу бет майларды колдонуу
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт