Сүйлөшкөн кызым топурак жейт. Терапевт жооп берет
Сүйлөшкөн кызым топурак, бор жей берет. Бул адатын кантип калтырса болот?
Жылдыз Токтоналиева
Терапевт
Сүйлөшкөн кызыңыз бор, топурак жесе, демек каны азайып кеткен. Кандагы гемоглобиндин өлчөмү 130-145 миллиграмм болгондо нормалдуу деп эсептелинет. Эгер бул көрсөткүчтөн төмөн болсо, аз кандуулук дартына чалдыккан болот.
Аз кандуулукту убагында даарылабаса, тери ооруларына чалдыгат, чачы түшөт, тырмактары сынат, депрессия болот, нерв системасына доо кетет. Эң коркунучтуусу кардиомиопатия оорусу пайда болот. Ал келечектеги балага терс таасирин тийгизип, аягы айыкпас дарттарга, өлүмгө алып барышы мүмкүн.
Андыктан, ден соолулукту биринчи орунга коюп, өз алдынча ар нерсе кыла бербестен гематологго, терапевтке барып анализ тапшырып, дарылоо курсунан өтсүн, үйдөн туура тамактансын. Күнүмдү рациондун курамында эт азыктары, мөмө ширеси, бозо, гречка сыяктуу азыктар сөзсүз болсун. Чайды тамактанып бүтүп, 2 саат өткөндөн кийин ичсин.