Менин эч жерде учетум жок. Балдарга пособие ала аламбы?
Саламатсызбы. Менин эч жерде учетум жок, үйүм жок, жерим жок. Үч балам бар, азыр төртүнчүсүн күтүп жаткан чагыбыз. Балдарга кантип жөлөк пул алсам болот?
Нике күбөлүгүмдө фамилиям жолдошумдукуна которулган, ал эми паспортумда өзүмдүкү бойдон калган. Паспорт алмаштырайын десем кайра эле учет керек.
Үч кызымдын күбөлүгү үч башка жазылган. Кыскасы, баш аламан. Бардык нерсе учетко келип такалат. Эмне кылышым керек?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык, сиз биринчиден каттоодон өтүшүңүз керек. Эгер жазганыңыздай үй-жай, жер тилкеңиз жок болсо,
- азыр жашап турган жердин райондук адиминстрациясына кайрылып, катоого арыз жазыңыз. Алар сизге ушул дарек боюнча жашаганы анык, деген маалымкат беришет.
- Маалымкат менен акимиатка барасыз. Алар сизди юридикалык дарек боюнча каттоого тийиш.
- Андан кийин паспортуңузду, нике күбөлүгүңүздү жана акимиаттан алган маалымкатты алып паспорттук столго кайрыласыз. Документтериңизди тууралап оңдоп беришет. Өзүңүздүн паспортуңузду бүтүргөндөн кийин балдардын күбөлүктөрүн бир калыпка келтирип алыңыз.
- Ал үчүн, жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнө арыз жазасыз. Арызда кыздарыңыздын азыркы фамилиялары жана кандай фамилияга алмаштыруу зарыл экени жазылыш керек.
Жаныңызда балдарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, өзүңүздүн жана жолдошуңуздун паспорттору, нике күбөлүгүңүз болсун.
Күбөлүк үчүн мамлекетке төлөнүүчү салык 115 сом.
Жаңы күбөлүктөр 2 айдын ичинде берилет.
Ал эми, “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу шарттары бул жерде.