Жөө баскандын зыяны жокпу? Пульмонолог жооп берет
2019.03.27, 10:55
1353
Мен күнүнө 20-30 километр жөө жүргөндү адат кылып алгам. Мунун эч кандай зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.03.2019, 10:57
Азамат Акылбеков
Пульмонолог
Жөө баскандын эч кандай зыяны жок. Тескерисинче, ден соолук үчүн пайдасы абдан көп. Күндө жөө басуу кан басымын төмөндөтүүгө, кан тамырлардын, жүрөктүн жана өпкөнүн иштешин жакшыртууга жана тамак ашты сиңирүү процессин жеңилдетүүгө жардам берет.
Ашыкча жөө басууга болбойт, эгер сиз:
- вирустук инфекция менен ооруп жатсаңыз (мындай учурда жылуу-жумшак төшөктө жатуу керек);
- жакында эле инсульт алсаңыз;
- бутуңардан жарат алсаңыз (травма).
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп