// //

Мугалимибиз телефонубузга кирип каттарыбызды окуйт. Юрист жооп берет

2019.03.26, 16:14
836

Мугалимибиз дайым сабак баштаардан мурун телефондорубузду чогултуп алат. Анан бизге тапшырма берип коюп, өзү телефонубузга кирип сүрөттөрүбүздү, видеолорду көрүп, жазышкан каттарыбызды окуп олтура берет. Мугалимдин буга  укугу барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2019, 16:22

Асель Рысбаева

Адвокат

Мугалим гана эмес, эч ким башка адамдын кат жазышууларын уруксатсыз окуганга укугу жок. Мындай жоосун адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын одоно бузгандык болуп эсептелинет.

Кандай гана түрдө болбосун (телефон, почта же электрондук) адамдардын кат жазышуулары менен сүйлөшүүлөрү жашыруун сакталыш керек. Болбосо, мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган: күнөөлүүгө 20 000 сомдон 50 000 сомго чейин айып салынат.

Ал эми, кимдир бирөө кызмат абалын пайдаланып бирөөнүн кат жазышуу жана сүйлөшүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузган болсо, 10 000 сомдон 30 000 сомго чейин айыпка жыгылат же  5 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратылат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт