Мугалимибиз телефонубузга кирип каттарыбызды окуйт. Юрист жооп берет
Мугалимибиз дайым сабак баштаардан мурун телефондорубузду чогултуп алат. Анан бизге тапшырма берип коюп, өзү телефонубузга кирип сүрөттөрүбүздү, видеолорду көрүп, жазышкан каттарыбызды окуп олтура берет. Мугалимдин буга укугу барбы?
Асель Рысбаева
Адвокат
Мугалим гана эмес, эч ким башка адамдын кат жазышууларын уруксатсыз окуганга укугу жок. Мындай жоосун адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын одоно бузгандык болуп эсептелинет.
Кандай гана түрдө болбосун (телефон, почта же электрондук) адамдардын кат жазышуулары менен сүйлөшүүлөрү жашыруун сакталыш керек. Болбосо, мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган: күнөөлүүгө 20 000 сомдон 50 000 сомго чейин айып салынат.
Ал эми, кимдир бирөө кызмат абалын пайдаланып бирөөнүн кат жазышуу жана сүйлөшүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузган болсо, 10 000 сомдон 30 000 сомго чейин айыпка жыгылат же 5 жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратылат.