// //

Ватсаптан катасыз жазасызбы? Тесттен өтүңүз

2019.03.26, 15:11
12685

Bilesinbi.kg бул ирет ватсаптан сабаттуу жазуу боюнча тест сунуштайт. Билим деңгээлиңизди сынап, тесттен өтүп көрүңүз.

 

Жакындар менен тааныштарга сунуштаганды унутпаңыз. 

Кыргызча туура жаза алам десеңиз бул тесттен өтүңүз.

Улуттук ашкана боюнча тест бул жерде.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
S
Sayak Katagan
27.03.2019, 10:41

Эми азыркы учурдагы Билим берүүнүн деңгээли кандай абалда экенин айта албайм, Мугалим да эмесмин, Тилчи да эмесмин, деги эле Филология Илими менин аркалаган кесибим менен эч жеринен кезигишпейт. Бирок мындан бир 30-40 жыл мурун кадимки эле Орто Мектепти эптеп-септеп "3" деген баага араңдан зорго бүтүргөндөргө деле бул Сынак түк да кыйынчылыкты жаратпайт экен. Мисалы мен үчүн. Айткандан уялып турсам дагы Кыргыз Тилинен Аттестатымза үңкүйгөн "3" үңүрөйүп турат, таарынган немеден беш бетер тултуюп. Ал эми бадырайган "4" менен "5" жайнаган Аттестаты барларды айтпай эле турайын...
Менин оюмча Кыргыз Тилинин Грамматикалык Эрежелерин эске албай, болгон ой-пикирин туш келди каалаганындай калчап, ката-патасы менен ботко кылып салуу (мындай одоно Маданиятсыздыкты "Жазуу" деп айтууга дитим барбай турат) биринчи эле кезекте Маектешин жогорку деңгээлдеги Сыйлабастык жана ошону таптакыр Түшүнбөстүк. Аны менен бирге табиятында Жарыктыкка умтулган Адам баласы деген бийик түшүнүктөгү Наамынан жийиркене баш тартып, жөнөкөй түзүлуштөгү жапайы жандыктардын деңгээлине түшүүгө аракеттенүү. Баары биригип келип акыр аягы "Кыргыз тилиңди кыргыз-пыргызың менен кошо урдум да кол койдум!" - деп ачыктан ачык жарыялоо...
Эң өкүнүчтүүсү - ушундай кайгылуу жагдайларды жок дегенде бир четинен ойлонуп койгонго кудуретинин жетпегендиги, ой жүгүртүүсүнүн өрчүбөй калган жөндөмсүздүгү... :(

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт