// //

Мен жакшы көргөн кыз менен досум сүйлөшүп жүрөт. Психолог жооп берет

2019.03.26, 14:57
1657

Салам, мага сиздин жардамыңыз керек. Мен жакшы көргөн кыз менен досум сүйлөшүп жүрөт. Досум менен бир жашайм. Экөө күндө сүйлөшүшүп, менин жинимди келтиришет. Кээде менин ачуумду келтириш үчүн атайын сүйлөшүп жаткандай туюлат. Мен өзүмдү кантип колго алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2019, 14:58

Назира Кубанычбек

Психолог, @psiholog_kg_bishkek

Урматтуу окурман! Сиздин жылуу сезимдериңиз тууралуу кыз билеби? Сиздин досуңузчу? Сиздин катыңызды окуп, болгону, ал кызды жакшы көргөнүңүздү жана досуңуз менен сүйлөшкөнү кыжырыңызга тийип жатканын биле алдым.

Алгач, досуңуз менен сүйлөшүңүз. Балким, алардын ортосунда сезим бардыр. Андай болсо кийлигише албайсыз. Ал эми жөн эле дос катары сүйлөшүп жүрүшсө, кызды жактырарыңызды билдириңиз. Андан кийин кыз менен да сүйлөшүп көрүңүз. Андан алган жоопко жараша кийинки жасай турган кадамдарыңыз белгилүү болот.

Болбосо, өзүңүздүн терс фантазияңыз менен белгисиздиктин ичинде кала бересиз. Ал эми белгисиздик стресстин булагы. Ошондуктан, бул түшүнүксүз кырдаалды тезинен чечүү үчүн кадам таштап, жашооңузду жеңилдетиңиз.

Сизге ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт