Катталган жерим Жалал-Абадда, Бишкектен паспорт ала аламбы?
2019.03.26, 13:19
1283
Саламатсызбы. Менин катталган жерим Жалал-Абадда, мен учурда Бишкектемин. Жалал-Абадда базада жок экенмин. Жоголгон загран паспортумду калыбына келтирүү үчүн өздүк маалыматымды базага киргизишим керекпи? Бишкектен эле жасата аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2019, 13:44
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы, урматтуу окурман. Жалпы жарандык паспортту алуу үчүн Бишкектеги паспорт столуна эле барып ала аласыз. Жаныңызда:
- үйдүн техпаспорту;
- үй китепчеси;
- үйдү сатуу-сатып алуу келишими болсун.
Эгер үй сизге тиешелүү эмес болсо, үйдүн кожоюну же анын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керек болот.
0
Пайдалуу жооп