Күйөөм мени каалабайт. Адис жооп берет
Саламатсызбы! Мен 24 жаштамын. Күйөөм экөөбүз баш кошконубузга 5 жыл болду. Ачыгын айтсам, үйлөнгөндөн бери жумасына бир эле жолу кошулабыз. Мен оргазм алып, кумарга күн сайын баткым келет. Бирок анын каалаосу жоктой. Эмне кылышым керек?
Илья Комаровер
Сексолог, психотерапевт
Саламатсызбы! Тилекке каршы, экөөңөр менен тең жолугуп сүйлөшмөйүн, себеби бул деп так айта албайм (эч бир дарыгер да айтпайт).
Мүмкүн күйөөңүз көп иштейт, мүмкүн депрессия болуп жүрөт, мүмкүн башка бир көйгөйү бар. Бул боюнча аны менен ачык сүйлөшүп көрдүңүз беле?
Күйөөңүз өз ыктыяры менен сексологго же психологго кайрылышы керек. Анын катышуусуз эч нерсе өзгөртө албайсыз.
Редакциядан менин байланыш телефондорумду алсаңыз болот, силерге жардам бергенге аракет кылам.
Ийгилик!