// //

Айызың келгенде спорт менен машыккан зыян эмеспи? Гинеколог жооп берет

2019.03.26, 10:19
1121

Мен өзүм спорт менен алектенем. Этек кириң келген учурда көп кыймылда болуу зыян эмеспи? Себеби, меники бирде алдыга жылып кетсе, бирде кайра бир жума кечигип келет. Келгенде да 5 күн, анан өтө көп келет. Бул нормалдуубу? Гинекологго көрүнгөндөн уялам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.03.2019, 10:20

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы, урматтуу айым. Сиз спорттун кайсы түрү менен машыгасыз, бардыгы ошондон көз каранды. Эгер сиз штанга көтөрүү менен машыксаңыз албетте, терс таасирин тийгизет. Ал эми физикалык көнүгүүлөр ден соолукка пайдалуу жана организмди бекемдейт.

Айызым туруктуу эмес, анан өтө көп келет деп жатасыз. Сөзсүз гинекологго көрүнүү керек. Себебин, дарыгер сизди жана анализдин жыйынтыктарын көргөндөн кийин айтып берет.

Гинекологго көрүнгөндөн тартынуу бул нормалдуу эле көрүнүш. Сиз чочун адамдын алдында жылаңач калуудан уялып жатасыз. Бирок, биз эч убакытта сиздин мүчөңүздү карап, ага сын пикир айтпайбыз. Гинекологдор үчүн башкысы, сиздин ден соолгуңузга кам көрүү, кандайдыр бир оорулар болсо аны эртелеп аныктоо жана дарылоо.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт