// //

Жолдошумдун мурду кечке канай берет. Эмне себептен мындай?

2019.03.25, 15:00
5061

Саламатсызбы. Мага дарыгердин кеңеши керек. Жолдошум 23 жашта, мурду кечке канай берет. Көбүнчө дары ичкенден кийин (цитрамон, анальгин, тримол). Мурду канаса көпкө чейин басылбайт. Тамагына чейин куюлуп, оозу, мурду канга толуп кетет. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2019, 15:04

Адилет Джунушалиев

ЛОР дарыгери

Мурундун канаганы өзүнчө оору эмес. Бул башка оорунун симпомдорунун бири. Сиз атаган: цитрамон, анальгин, тримол кандын уюганын (свертываемость крови) жайлатат. Ошол себептен да, дары ичкенден кийин мурду канап жатса керек.

Мурундан кан агуунун себептери:

  • кан оорулардын бири;
  • “С” витаминдин жетишсиздиги;
  • мурдунан кандайдыр бир жарат алганда (жыгылган, бир нерсеге урунган ж.б.);
  • артериалдык кан басымы жогору болгондо (улгайып калган кишилерде);
  • бөйрөктөгү кандын басымы болгондо (почечное давление).

Дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырып, мурундун эндоскопиясын жасатуу зарыл. Ошондон кийин так себебин аныктап, дарылоо мүмкүн болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт