Жолдошумдун мурду кечке канай берет. Эмне себептен мындай?
2019.03.25, 15:00
5733
Саламатсызбы. Мага дарыгердин кеңеши керек. Жолдошум 23 жашта, мурду кечке канай берет. Көбүнчө дары ичкенден кийин (цитрамон, анальгин, тримол). Мурду канаса көпкө чейин басылбайт. Тамагына чейин куюлуп, оозу, мурду канга толуп кетет. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2019, 15:04
Адилет Джунушалиев
ЛОР дарыгери
Мурундун канаганы өзүнчө оору эмес. Бул башка оорунун симпомдорунун бири. Сиз атаган: цитрамон, анальгин, тримол кандын уюганын (свертываемость крови) жайлатат. Ошол себептен да, дары ичкенден кийин мурду канап жатса керек.
Мурундан кан агуунун себептери:
- кан оорулардын бири;
- “С” витаминдин жетишсиздиги;
- мурдунан кандайдыр бир жарат алганда (жыгылган, бир нерсеге урунган ж.б.);
- артериалдык кан басымы жогору болгондо (улгайып калган кишилерде);
- бөйрөктөгү кандын басымы болгондо (почечное давление).
Дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырып, мурундун эндоскопиясын жасатуу зарыл. Ошондон кийин так себебин аныктап, дарылоо мүмкүн болот.
0
Пайдалуу жооп