ММК Полисин (ОМС) кантип алса болот?
2019.03.25, 14:27
2636
Саламатсызбы? ММК Полисин (ОМС) кантип алса болот? Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.03.2019, 14:28
Базарбаева Болотайым
КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун адиси
Саламатсызбы! ММК Полисин (ОМС) алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерге же ММК фондунун аймактык башкармалыктарына кайрылып, паспорт көрсөтүп, арыз жазып, милдеттүү медициналык камсыздандыруу төгүмүн төлөө керек. Полистин баасы 1200 сом, иштөө мөөнөтү ММКга төгүм төлөгөн күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет жана 12 айга жарактуу.
0
Пайдалуу жооп