// //

Баладагы интернет көз карандылык: кантип күрөшүү керек?

2019.03.25, 11:47
3092

Баладагы интернет көз карандылык, анын белгилери жана себептери жөнүндө өспүрүмдөр психологу Кундуз Оморова айтып берет.

  • Интернет оорусуна кимдер чалдыгат?

Психикалык интернет көз карандылык дартына бош убактысы көп, кызыгуусу жок, ата-эненин көңүл буруусу жетишпеген жана сүйүүгө, камкордукка муктаж өспүрүмдөр чалдыгат. Көйгөйлөрдөн жана жалгыздыктан качуу үчүн интернет менен достошот.

  • Интернетке көз каранды болуп калганын кантип байкаса болот?

Өспүрүмдүн жүрүм-турумунда, кыймыл аракетинде өзгөрүүлөр байкалат. Айлана-чөйрөсүнөн алыстап, виртуалдык жашоого сүңгүп кирип, агрессивдүү болуп калат. Өзүн көзөмөлдөй албай, кызыкчылыктарынын ордун интернет ээлейт. Баалуулуктары өзгөрүп, ата-энеси, бир туугандары жана жоро-жолдоштору менен болгон мамилеси үзүлөт.

  • Оорулуу өз дартын мойнуна алабы?

Өспүрүмдөр көз карандылык дартын мойнуна албайт. Айрымдары ата-энесинин айтуусу менен көп убактысын интернетте өткөрүп жатканын сезиши мүмкүн. Бирок мен ооруп жатам деп эч качан ойлошпойт.

  • Ата-эненин ролу туралуу  айта кетсеңиз.

Өспүрүмдүн интернетке көз каранды болушунда ата-эненин ролу чоң. Үйдөгү маанай, ата-эне менен баланын ортосунда баарлашуу жакшы болсо, өспүрүм убактысын туура өткөрөт. Ал эми балага дайыма сындар айтылса, чектөөлөр көп коюлса жакындарынан качат.

Өспүрүмдөр сынды терс кабыл алышат. Аларды эч качан сындоого болбойт. Ата-энелердин көбү балдарынан тажап кеткенде, өзүнчө ойноп турсун деп телефонун берип же болбосо компьютер менен жалгыз калтырып коюшат. Бул туура эмес. Ошондой эле, интернеттен алыстатуу үчүн атайын программаларды орнотуп, тыюу салган менен кызыккан бала баары бир бир жолун таап алат. Андан көрө кооптуу сайттар, оюндар тууралуу, мисал менен маалымат берип, “сен кандай ойлойсуң”,-деп оюн билүү алда канча пайдалуу.

  • Интернетти кантип туура пайдалануу керек?

Баардык нерсени чеги менен пайдаланса зыяны тийбейт. Интернетти колдонбой, замандан артта калып калган да болбойт.

Өспүрүм үчүн күнүнө 3 саат интернетте олтуруу жетиштүү. Эртең менен 10 мүнөт, кечинде 30 мүнөт сыяктуу кылып бөлүп берүү керек.

Өспүрүм интернетке көз каранды болуп калганын өзү сезсе, ал дартынан бат жана өз алдынча эле айыга алат. Эгер адам дартын мойнуна албаса, аны дарыгерлерге, психиатрларга алып барганы менен пайда жок, дарылоо кыйынга турат. Баары адамдын өзүнөн көз каранды.

Өспүрүмгө кеңеш

Төмөнкү эрежелерди аткаруу менен көз карандылыктан арылууга болот.

  • Колдонуу убактысын чектеп коюу. Мисалы он мүнөткө кирем десеңиз он мүнөт колдонуңуз.
  • Кызыгууларыңыз менен алектениңиз. Ийримдерге барыңыз, спорт менен машыгыңыз.
  • Активдүү жашоого кайтып келүү үчүн, китеп окуңуз, жаңы хоббилерди ойлоп табыңыз.
  • Досторуңуз, үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт