Бизнесмен болуу үчүн сөзсүз билим алуу керекпи?
Саламатсызбы! Тилек Токтогазиев агайыбыздын кеңешин уксам дедим эле. 19 жаштамын. Бизнеске абдан кызыгым. Бул тармак боюнча көп нерселерди окуп келем. Чет өлкөлөргө чыккан ишкер болуу үчүн окууга өтүшүм керекпи? Кайсы тармак ылайыктуу? Өзүм Кыргыз-Орус Славян университетине тапшырсамбы дегем. Кийинки жылы тапшырсам эч кандай кемсинтүү болбойбу?
Тилек Токтогазиев
Бизнесмен
Саламатсыңбы! Бизнести алып кетиш үчүн сөзсүз түрдө университетке тапшырып, билим алуунун зарылчылыгы жок. Бизнестеги эң негизги нерсе - бул практика. Кайсы тармакка кызыксаң, ошол жакка жумушка кирип, иштеп, аракет кылып көр.
Билим кийинки этапка өтүү үчүн, тактап айтканда, кызыккан тармагыңды өздөштүрүп алгандан кийин, аны тереңирээк изилдегиң келсе керек болот. Анда да жөн эле жалпы билим эмес, эки-үч айлык курстарга катышсаң көбүрөөк пайда аласың.
Жеке пикирим боюнча, азыркы учурдагы Кыргызстандагы билим берүү системасы аябай эле кризисте, өнүгүүгө көп түрткү бербейт.
Бир жыл кечирээк тапшырсаң эч нерсе болбойт. Башкасы, "Эмне кылгым келет?", "Эмне үчүн аны жасагым келет?" деген сурпоолорго жооп бере алсаң, калганы техникалык суроолор.