Бакма баланын архивин кайдан тапсак болот?
2019.03.22, 15:48
1198
Саламатсызбы! Менде бир суроо бар эле. Туугандарыбыз 2001-жылы балдар үйүнөн бир бала багып алышкан. Ошол баланын архивин кайдан тапсак болот? Балдар үйүндө сакталабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2019, 15:49
Чолпон Жумакунова
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси
Саламатсызбы!
Биринчиден, бала 18 жашка чыккан балдар үйүн бүтүрүүчүсү болсо, анда ал документтерди өзү менен кошо алып кетет.
Экинчиден, бала белгилүү бир үй-бүлөгө асырап алууга берилсе, документтеринин көчүрмөсү интернатта сакталат. Эгерде ал жерде жок болуп чыкса, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрылгыла.
Саламатта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп