// //

Мени мурда зордуктап кетишкен. Боюман ошон үчүн түшүп калып жатабы?

2019.03.22, 15:27
1363

Саламатсызбы, мени түшүнүүгө аракет кылыңыз. Окууну бүткөндө мурунку жигитим эки досу менен кезектешип, мойнума бычак такап зордуктап салышкан. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин.

Төрт ай мурун турмушка чыктым, боюма бүтөт, бирок көтөрө албай бала түшүп калат. Гинекологго барып, анализдерди тапшыргам. Бардыгы таза, болгону бир аз суук тийген деди. Менин жашоомдо болгон окуя ушуга таасирин тийгизип жатабы деп ойлоно берем.

Анан дагы жолдошум бир уникалдуу аппарат бар экен, ошол кайсы жер ооруса бүт көрсөтүп берет экен, ошого алып барып келейин, деп жатат. А мен болсо коркуп атам, мурункунун баары билинип калабы деп.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2019, 15:28

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатсызбы, окурман. Сиздин турмушуңузда өкүнүчтүү окуя орун алган экен. Бирок, анын баары өттү, кайгырбаңыз. Жолдошуңуз сизге кам көргөн мыкты мырза окшойт. Сурооңузга жооп берсем, зордуктоо сиздин бала көтөрүшүңүзгө таасирин тийгизбейт. Канча жолу боюңуздан түшүп калды эле? Кайсы мөөнөттө? Ушул суроолорго да жооп алсам кененирээк айтып бермекмин. Эгер эрте мөөнөттө эле түшүп калып жатса, генетиктен консультация алып, кайрадан анализ тапшырып, толугу менен көрүнүшүңүз керек.

Экинчи сурооңуз боюнча, коркпой эле аппаратка көрүнө бериңиз. Компьютер сиздин мурунку жашооңузду биле албайт. Сиз эле айтып салбасаңыз сыр бойдон калат.

Бактылуу болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт