Унаамды караңгылатканга уруксат алсам болобу?
Саламатсызбы! Унаамды караңгылатканга уруксат алсам болобу? Каяктан алышым керек?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, жөнөкөй жаран унаасын караңгылатып жүрүүгө болбойт.
Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси боюнча төмөнкүлөргө уруксат берилет (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 токтомунун редакциясына ылайык):
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.
4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык транспорттук каражаттар.