// //

Ашыкча манжаны операция менен алдыртса болобу? Хирург жооп берет

2019.03.20, 15:38
1215

Саламатсызбы Bilesinbi.kg. Менин суроомо жооп алып бересизби. Кыргызстанда ашыкча манжаны операция аркылуу алдыртса болобу? Эгер болсо кайсы жерге кайрылыш керек? Мындай операция зыян эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2019, 15:40

Канат Апиев

Хирург

Ашыкча манжаны алып салуу боюнча операциялар Улуттук госпиталдын Реконструктивдүү хирургия жана манжа хирургиясы бөлүмүндө жасалат. Көрбөй туруп зыян же зыян эмес экенин айтуу кыйын. Биз ар бир бейтапты көрүп, анализ тапшыртып, чыккан натыйжалардын негизинде операция жасатуу керек же керек эмес деп так жооп бере алабыз.

Операция акысыз, бирок госпитализация үчүн акы төлөнөт. ОМС жана катталган жериңизге ылайык акчасы эсептелинет.  

Биздин дарек: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 1/5а.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт