// //

Кошумча юридикалык билим берүүчү курстар болобу? Юрист жооп берет

2019.03.20, 10:41
1312

Саламатсызбы. Кошумча юридикалык билимди каяктан алса болот? Атайын курстар барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2019, 10:41

Ширин Алмазова

Юрист

Ооба, курстар болот. Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларда квалификацияңды жогорулатуу үчүн кошумча билим алуу мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Юриспруденция боюнча айта турган болсом, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинде Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуучу илимий методикалык борбор бар. Юриспруденция программасы боюнча окуу мөөнөтү 10 ай.

Окуу жогорку билимдин базасында жүргүзүлөт. Окутуу формасы кечки. Саат 18.00дөн 21.00го чейин. Документтерди кабыл алуу сентябрь айында, ал эми сабактар ошол жылдын октябрь айында башталат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт