Баламдын киндигинен суу чыгып, кызарып калат. Педиатр жооп берет
2019.03.20, 09:42
3275
Баламдын киндигинин түшкөнүнө бир жума болду. Кичине суу чыгып калганда зеленка тийгизип койсом, кызарып калат. Эмне себептен мындай болот? Качан калыбына келет?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2019, 09:47
Анара Базаркулова
Педиатр
Саламатсызбы окурман! Ымыркайдын киндигинин тегереги кызарса инфекция кирип кеткен болушу ыктымал. Жаңы клиникалык протокол боюнча киндикке зеленка сүйкөбөйбүз. Сиз 70%дуу спиртти бир күндө эки маал чачып коюңуз.
Сөзсүз түрдө балдар дарыгерине кайрылыңыз, балага өтө этияттык менен мамиле кылуу зарыл.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп