// //

Кош бойлуумун, ичим аябай ылдый. Коркунучу жокпу? Гинеколог жооп берет

2019.03.19, 12:54
2295

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 27 жума болуп калды. Бирок ичим аябай ылдый. Элдер эрте төрөп салышың мүмкүн, деп айтып жатышат. Бандаж тагынып жүрөм, дагы эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2019, 12:57

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Эгер буга чейинки төрөтүңүздө баланын салмагы чоң болуп, чоң көтөрсөңүз, жатыныңыз ылдый түшүп (опущение матки), азыркы кош бойлуулугуңузда да ичиңиз ылдый болуп турат.

Балким, сиз арыксыз, организмде майдын катмары болбогондуктан, ичтеги бала улам салмак кошкон сайын, органдарга күч келип, ич ылдый түшөт.

Ичтин ылдый түшүшүнөн эрте төрөп салуу мүмкүн эмес. Эгер кандайдыр бир инфекция жукса эрте төрөт (преждевременные роды) коркунучу пайда болот.

Бандажды тагынып жүргөнүңөр туура. Андан тышкары оор көтөрбөгүлө, эс алганда бутуңарды жогору көтөрүп жаздыгы жок жатканга аракет кылгыла.  

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт