Эркектерге алтын шакек тагынганга динибиз уруксат береби? Теолог жооп берет
2019.03.19, 11:31
5162
Эркектер алтын шакек тагынса болобу? Шариятыбыз уруксат береби? Күйөөм нике шакегин тагынбайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2019, 11:48
Кадыр Маликов
Теолог
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринде эркектерге аялдарга окшоп алтын буюмдарды, (анын ичинде шакекти) тагынууга жана жибек кийимдерди кийүүгө тыюу салган.
Тактап айтканда, ислам салты боюнча эркектин алтын тагынып, жибек кийип жүрүшү арам болуп саналат.
Нике шакегине токтоло кетсем. Эгер ал алтын болсо, күмүш же башка металлга алмаштырып койсо болот.
0
Пайдалуу жооп