Россиянын паспорту менен "Балага сүйүнчү" пулун алсам болобу?
Саламатсызбы? Паспортум Россияныкы. Балама “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алсам болобу?
Айкөл Турганбаева
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Балага сүйүнчү” жөлөк пулу:
• Кыргызстандын жарандарына;
• Кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
• Ошондой эле, балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөк пулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктары жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин: Россия, Казакстан, Белоруссия, Өзбекистан, Молдова, Таджикистан, Украина жана Армениянын жарандарына чектелет.
Демек, сиздин паспортуңуз Россияныкы болсо, бирок Кыргызстандын аймагында жашасаңыз, “Балага сүйүнчүнү” ала аласыз.
Керектүү документтер:
- Арыз ээсинин паспорту;
- Баланын туулагандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Жогорудагы аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн туруктуу жашоо укугу маалымкаты (вид на жительство);
- Банк реквизиттери.
Арызды маалыматтык киоскаларга, калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына (ЗАГС) тапшырасыз.
Бардык суроолор боюнча жашаган жериңиздеги райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына же:
• http://www.mlsp.gov.kg/;
• 0 (312) 30 01 26 жана 0 (312) 62 45 458 телефондору боюнча кайрылсаңыз болот.