Жыныс мүчөдөгү сөөлдү жок кылса болобу?
2019.03.14, 16:15
3287
Жолдошумдун жыныс мүчөсүнүн түбүндө 3-4 сөөл бар. Өзүнөн сурасам "үйлөнө электе эле бар болчу",- дейт. Бул эмне жана кантип жок кылса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.03.2019, 16:15
Нурлан Эгетаев
Уролог
Саламатсызбы! Жыныс мүчөдөгү сөөлдөрдү "кондилома" деп коёт. Жолдошуңуз дерматологго же урологго кайрылсын. Убагында дарылабаса, көбөйүп, жайылып кетиши мүмкүн.
Дарыгерге көрүнгөнгө чейин "папиллома" вирусуна анализ тапшырып, текшерүүдөн өтсүн. Анализдердин жыйынтыгына жараша дарыланса, сөөлдөрүнөн арылат. Эскерте кетейин, дарылануу узакка созулат.
Саламатта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп