Боюмда бар, врачка көрүнбөй эле витаминдерди иче берсем болобу?
Саламатсызбы, менин боюмда бар. 3-4 жума болуп калды. Йодомарин, Элевит витаминдерин качантан баштап ичсем болот? Врачка барып отурбай өзүм алып иче берсем болобу?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы, урматтуу айым. Ооба болот. Витаминдерди аял киши төрөгөнгө даярданып жаткан мезгилден эле тартып иче баштаганы жакшы. 1 таблеткадан эртең мененки тамактануудан кийин, коз жарганча ичүү зарыл.
Йодомаринди калкан без (щитовидная железа) оорулары жок болгондо өз алдынча алып иче берсе болот. Ал эми гипотиреоз, гипертиреоз, аутиммундук тиреоидит, ж.б. болгондо дарыны эндокринолог жазып берет жана кабыл алынган препараттардын өлчөмү кош бойлуулуктун жүрүшү менен коррекцияланып турат.
Элевитте фолий кычкылы, кальций, темир бар.
Фолий кычкылы түйүлдүктүн нерв системасынын калыптануусунда негизги азык болуп саналат. Анын жетишсиздиги баланын эс тутумунун начар боолушуна, аялдын өңүнүн кубарып калышына, сепкилдин пайда болушуна алып келет.
Кальций кош бойлуу аялга абдан керек. Кальцийдин негизинде түйүлдүктүн жүрөгү, сөөктөрү, булчуңдары, ички органдары, көз, кулак, тери, чач жана тырмактын ткандары калыптанат.
Темир бул адамдын организмине керек болгон олутуу микроэлементтердин бири. Темир организмдин кайра калыбына келүү процессин жакшыртат (метоболизм). Анын функциясы кан аркылуу бардык органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүү. Ал эми негизгиси темир баланын мээсинин калыптануусуна, өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө жооптуу.