// //

Сексологдон 5 кеңеш. Жыныстык жашоону кантип жандантса болот?

2019.03.13, 22:10
17097

Секс – бул адам жашоосунун табигий бөлүгү. Дарыгерлердин айтымында - канааттандыраарлык жыныстык жашоо ден соолукту жакшыртат, ал тургай кээ бир ооруларды алдын алат.

Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен жубайлар ортосунда  сезимдер мокоп, каалоолор жоголот. Романтиканын ордун бала-чака, жумуш же насыя ээлейт. Ушуну эске алып, сексолог жана психотерапевт Илья Комаровер жыныстык жашоону ар түрдүү кылуу жолдорун айтып берди.

  1. Ачык сүйлөшкүлө

Өнөктөшүңөрдөн жашыруун каалоолору же фантазиялары жөнүндө сурап, аны иш жүзүнө ашыргыла. Бири-бирин сүйгөн жубайлар ортосунда уят эч нерсе жок экенин түшүнгүлө.

  1. Эксперимент жасагандан коркпогула

Индиялыктардын жыныстык катнаштагы ыкмаларын колдонуп көргүлө. Интернетке кирип “камасутра” деп издесеңер түрдүү позалар чыгат. Жакканын тандап алгыла.

  1. Жатаканадан чыккыла

Дайыма эле уктоочу бөлмөдө эмес, күтүлбөгөн жерлерден кумарга баткыла: ванна, дача, мейманкана, табият, автомобиль, кеңсе ж.б.

  1. Шам жаккыла

Сексуалдык оюндарды же романтикалык сюрприздерди уюштургула. Интим-дүкөндөрдөн ар кандай тематикалык костюмдарды сатып алгыла.

  1. Адистен кеңеш сурагыла

Жыныстык жашооңордо көйгөй болсо, тартынбастан сексологго кайрылгыла. Редакциядан менин байланыш телефонумду алсаңар болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
02.04.2019, 15:00

Саламатсызбы? Мен кенеш алгым келип жатат; жашым 25 те куйоом 29да. Уйлонгонубузго 1 жарым болду. Мен тошок маселесин коп каалайм, куйоом жактырбаган сыятуу, ушунун айынан коп уруш чыгарам, алдап айтам конбойт.Жумушунан чарчап келет.1 айда бир кээде 2-3-айлап жатбай коет. Ортобуздагы жылуулук муздап кетишинен корком. Секстин жоктугунан ооруп калбаймынбы??

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт