Сексологдон 5 кеңеш. Жыныстык жашоону кантип жандантса болот?
Секс – бул адам жашоосунун табигий бөлүгү. Дарыгерлердин айтымында - канааттандыраарлык жыныстык жашоо ден соолукту жакшыртат, ал тургай кээ бир ооруларды алдын алат.
Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен жубайлар ортосунда сезимдер мокоп, каалоолор жоголот. Романтиканын ордун бала-чака, жумуш же насыя ээлейт. Ушуну эске алып, сексолог жана психотерапевт Илья Комаровер жыныстык жашоону ар түрдүү кылуу жолдорун айтып берди.
- Ачык сүйлөшкүлө
Өнөктөшүңөрдөн жашыруун каалоолору же фантазиялары жөнүндө сурап, аны иш жүзүнө ашыргыла. Бири-бирин сүйгөн жубайлар ортосунда уят эч нерсе жок экенин түшүнгүлө.
- Эксперимент жасагандан коркпогула
Индиялыктардын жыныстык катнаштагы ыкмаларын колдонуп көргүлө. Интернетке кирип “камасутра” деп издесеңер түрдүү позалар чыгат. Жакканын тандап алгыла.
- Жатаканадан чыккыла
Дайыма эле уктоочу бөлмөдө эмес, күтүлбөгөн жерлерден кумарга баткыла: ванна, дача, мейманкана, табият, автомобиль, кеңсе ж.б.
- Шам жаккыла
Сексуалдык оюндарды же романтикалык сюрприздерди уюштургула. Интим-дүкөндөрдөн ар кандай тематикалык костюмдарды сатып алгыла.
- Адистен кеңеш сурагыла
Жыныстык жашооңордо көйгөй болсо, тартынбастан сексологго кайрылгыла. Редакциядан менин байланыш телефонумду алсаңар болот.
Саламатсызбы? Мен кенеш алгым келип жатат; жашым 25 те куйоом 29да. Уйлонгонубузго 1 жарым болду. Мен тошок маселесин коп каалайм, куйоом жактырбаган сыятуу, ушунун айынан коп уруш чыгарам, алдап айтам конбойт.Жумушунан чарчап келет.1 айда бир кээде 2-3-айлап жатбай коет. Ортобуздагы жылуулук муздап кетишинен корком. Секстин жоктугунан ооруп калбаймынбы??