Биринчи жардам: Инсульттун белгилери, жана кандай чара көрүү керек?
Инсульттун белгилери жана кандай чара көрүу керек экенин Бишкек шаардык Тез медицина борборунун “Мээ инсультун –каттоочу бөлүмүнүн" дарыгер- неврологу Татына Самудинова Bilesinbi.kg сайтына айтып берди.
Инсульттун белгилери
Адамдын инсульт кармап жатканын билүү татаал эмес. Ал үчүн СОККУ деп аталган беш белгини эстеп калуу керек.
С – сүйлөгөнү начарлайт. Адам оюн так айта албай, чулдурап калат.
О – оозунун бир тарабы төмөн түшүп, бир жак бети шал болуп, жылмая албайт.
К – көрүүсү кескин начарлайт. Бир көзү же экөө тең.
К – кыймылы олдоксон, түз басып, эки колун бирдей көтөрө албай калат.
У – убакыт. Адамдын ден соолугуна тийгизген залаканы азайтуу жана өмүрүн сактап калуу үчүн 4-5 саат гана убактыңыз бар.
Инсульттун себептери
- Кан басымынын жогорулашы (артериалдык гипертония);
- Жүрөк жана кан тамыр оорулары;
- Кандын курамынын өзгөрүшү (коюланып кетиши);
- Холестериндин деңгээлинин көтөрүлүшү;
- Сахар диабети;
- Ашыкча салмак;
- Тамеки чегүү, ашыкча алкоголь ичүү.
Биринчи жардам
Жогоруда айтылган белгилердин бирин эле байкасаңыз дароо тез жардам чакыргыла. Тез жардам келгиче:
- Ооруган адамдын башын бийик кылып жаткыргыла.
- Үйдүн ичинде болсоңуз терезени ачкыла, бөлмөгө таза аба кирсин.
- Адамдын демин кыскан кийимин, топчуларын чечкиле, куурун бошоткула.
- Жаныңарда атайын аппарат бар болсо бейтаптын кан басымын өлчөп, саат канчада, басымы кандай болуп турганын жазып алгыла. Тез жардамга сиз айткан маалыматтын пайдасы тиет.
- Жүрөгү айланып, кузгусу келсе, бейтаптын башын капталга буруп койгула. Кусундусу дем алуу системаларына кирип кетпесин. Мүмкүн болушунча оозун кусундудан тазалаганга аракет кылгыла.