Билим берүү борборун ачуу үчүн кандай документтер керек?
2019.03.13, 15:30
2347
Саламатсызбы, ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Bilesinbi.kg’ге рахмат. Мен окуучулар үчүн курс же билим берүү борборун ачкым келет. Кандай документтерди даярдашым керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2019, 16:16
Айзуура Чыкынова
Билим берүү жана илим министрлигинин пресс-катчысы
Саламатсызбы окурман. Окутуу багытында иш алып баруу үчүн алгач лицензия алышыңыз керек. Ал үчүн төмөнкү документтер зарыл:
- арыз;
- юридикалык жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- лицензиялык төлөмү жөнүндөгү квитанция;
- юридикалык жактын уставы;
- кыймылсыз мүлктүн техпаспорту;
- бекитилген окуу планы.
Маалымкаттар:
- окутууга керектүү материалдык жана техникалык абал жөнүндө маалымкат;
- кадр камсыздоосунун маалымкаты;
- методикалык камсыздоо жөнүндө маалымкат.
Андан тышкары, билим берүүчү мекеменин атынан иш жүргүзүүсүнө уруксат берген ишеним кат жана бардык документтердин тизмеси.
Документтер кагаз жана электрондук түрдө тапшырылат.
Арыз берүүчү документтердин ырастыгына жоопкерчиликтүү.
Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп