Бетимдеги калдар көбөйө баштады. Эмне кылам?
Менин бетимде жана денемде калдар көбөйө баштады. Эмнеден улам мындай болушу мүмкүн? Мурун кашымда жана моюнумда эле бар болчу. Эмне кылсам болот?
Айзада Исраилова
Дарыгер-косметолог
Окурман, бетке калдар тукум куучулук, кош бойлуулук, жыныстык жактан жетилүү, радиация, вирустук инфекция сыяктуу башка дагы ар түрдүү себептерден улам пайда болот. Калдын түрлөрү абдан көп. Хирургиялык, күйгүзүү ыкмалары, лазер жана электрокаогуляция жолу менен алып салса болот. Бирок, бул 100 пайыз калдан арыласыз дегенге кепилдик бербейт. Көп учурларда жыйынтыгы терс болуп, коркунучтуу шишиктердин пайда болуусуна шарт түзөт. Алгач, дарыгер дермотологго же косметологго барып текшерүүдөн өтүңүз. Эгер алар алдырууга мүмкүн десе салондорго барсаңыз болот. Өз алдынча үй шартында эч кандай ыкмаларды колдонбоңуз. Ден соолугуңуз үчүн абдан кооптуу.