Атамдын согончогу сынды. Операция керекпи же жокпу?
2019.03.13, 11:37
1388
Атам бийиктиктен кулап түшүп эки согончогун сындырып алды. Дарыгерлерге алып барсак, операция кылыш керек дешти. Ал эми туугандарыбыз ансыз эле айыгып кетет деп жатышат. Кеңеш бериңизчи, согончок сынганда эмне кылыш керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2019, 11:38
Сабырбек Жумабеков
Ортопед-травматолог
Ураматтуу окурман. Мен сизге эч кандай кенеш бере албайм. Көрбөй туруп андай же мындай кылыш керек деп айтканым туура эмес. Согончоктун сынышынын түрлөрү көп. Айрым учурларда сөзсүз операция керек, кээде операциясыз айыгып кетсе болот. Сиздин атаңыз бизге келсин, биз аны көрүп, буттарын ренгтенге тартып, анализ алып, ошонун жыйынтыгында андан ары эмне кылышты айтабыз.
Кабыл алуу бөлүмү: 0312 21-126-69
0
Пайдалуу жооп